Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 13.09.2018 18:04 На русском

«Мекендештер»: Кытайда билим алып жаткан А.Жеӊишбекова «Кыргызстан сулуусу-2018» сынагына катышууда (сүрөт)

Turmush -  Кытайдын Ганьсу провинциясындагы Ланьчжоу шаарында билим алып жаткан 22 жаштагы Айжан Жеӊишбекова «Кыргызстан сулуусу-2018» сынагына катышууда. Ал буга чейин «Ысык-Көл сулуусу-2013» наамын жеӊип алган. Аймактык кабарчы мекендешибиз менен таанышты.

«2013-жылы мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияга тапшыргам. Учурда Ланьчжоу шаарында 4-курста билим алуудамын. Окуу жайдын жатаканасында жашайм. Бир бөлмөдө эки кыз болуп жашайбыз. Башында Кытайга барганда тамак-ашына, аба-ырайына жакшы көнө албай кыйналдым. Окуубуз да абдан оор болчу. Бирок, көнүп кеттим. Кытайда мыйзам катуу иштейт. Мага ушул жагы жакты.

Алгач "Ысык-Көл сулуусу-2013" сынагында баш байгени жеӊип алгам. Эми ушул жылы болсо "Кыргызстан сулуусу-2018" наамы үчүн ат салышып жатам. Сынакка катышып жатканымдын себеби, өзүмдүн күчүмдү сынагым келди. Албетте, сынак абдан оор. Жарым финалдан өтүп алдык. Эми кудай буюрса финалга даярданып жатам. Мен негизи стюардесса болгум келчү. Бирок турмуштун агымы менен башка кесипти тандап кеттим», - деди ал.

Айжандын хоббиси – бийлөө.

«Чет өлкөлөрдүн маанилүү тасмаларын көрөм. Мурда чет элдин музыкалары жакчу эле, акыркы күндөрү өзүбүздүн кыргыз тилиндеги музыкалар дагы жагып келе жатат. Ал эми тамак-аштан негедир лагман жагат. Мен бирөөгө белек сунгандан ырахат алам. Анткени, ошол учурда адамдын кандай бактылуу болуп жатканын көрүү – мен үчүн ырахат.

Келечекте максаттарым көп. Анын эӊ негизгиси мыкты юристтерден болсом дейм. Жигиттерден болсо кыргыздын эле мырзалары жагат. Учурда жигитим жок», - деди ал.

Айжан Жеӊишова 1996-жылы 18-февралда Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 6 киши жашайбыз. Ата-энем, бир туугандарым аман-эсен, мен ушуга бактылуумун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×