Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 21.09.2018 14:49

Чолпон-Атада Мамлекеттик тил күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулду (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулуп, атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мэрия тарабынан уюштурулган жөө жүрүшкө мектеп окуучулары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары катышып, эне тилди даңктаган ураандарды айтышып, эне тил боюнча ырларды окушту.

Иш-чарага улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кыргыз тили — Чыңгыздын тили» деген аталыштагы бөлүк дагы камтылды. Иш-чара маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолуп, эне тилге арналып жазылган ырларды окуу менен аяктады.

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×