Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 24.09.2018 09:56

Чолпон-Атада окуу жайлардын «Ден соолук» спартакиадасы башталды (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында «Ден соолук» спартакиадасы салтанаттуу түрдө ачылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чара жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүп келет. Бул жолу спартакиадага 5 облустагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жана мектептердин мугалимдеринен турган курама командалар катышууда. Алар волейбол, футбол, стритбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси жана ордо боюнча спорттун 7 түрүнөн мелдешет.

Спартакиадага Нарын жана Талас облустарынан командалар келишкен эмес. Уюштуруучулардын айтымында, жылдан жылга иш-чаранын катышуучуларынын саны арбып, спортко болгон кызыгуу артып жатат. Быйылкы иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жылына арналып, 28-сентябрга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×