Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 24.09.2018 11:07

Коми Республикасынын расмий делегациясы Ысык-Көлгө келди (фото)

Turmush -  Россия Федерациясынын Коми Республикасынан расмий делегация Ысык-Көл облусуна келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-сентябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Османалиев Чолпон-Ата шаарында Гапликов Сергей Анатольевич жетектеп келген делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда Ысык-Көл облусу менен кызматташуу боюнча бир катар долбоорлор талкууланды. Облус башчысы Акылбек Османалиев туризм тармагы боюнча бир катар сунуштарды айтты. Өз кезегинде Сергей Гапликов Бишкекте чоңоюп, өскөнүн белгилеп, туризм, соода-сатык, социалдык багыттагы долбоорлордун ишке ашуусуна болгон аракетин жумшарын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×