Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 26.09.2018 10:36

Чолпон-Атада ата-энелер нааразы болгон бала бакча 15-октябрда ишин баштайт (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы №3 «Айданек» бала бакчасы 15-октябрдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Зина Сулайманова билдирди.

Анын айтымында, бала бакча 220 орундуу болгону менен 375 баланы кабыл алат.

«Оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, бала бакча иштебей, ата-энелер нааразы болуп жатышат», - деди ал.

З.Сулайманова оңдоо иштеринин убагында бүтпөй калышын тендер маселеси менен байланыштырды.

Буга чейин ата-энелер жайкы эс алуу учурунда оңдоо иштерин жүргүзбөй, окуу жылы башталганда бала бакчаны жаап салышкандыгын айтып, нааразы болушкан.

«Башка бала бакчаларда орун жок деп албай жатышат. Балдарды караганга киши жок, аларды үйгө камап кеткенге мажбур болуп жатабыз. Бала бакчаны тезирээк ачууну шаар жетекчилигинен өтүнөбүз», - деп билдиришкен ата-энелер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×