Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 06.10.2018 11:12 На русском

«Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары» III эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышынан фоторепортаж

Turmush -  Президент Соронбай Жээнбеков кечээ, 5-октябрда «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форумун ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Форумда Россия Федерациясынын көркөм академиясынын вице-президенти Андрей Золотов, биринчи Ысык-Көл форумунун уюштуруучусу Рустем Хаиров, казак жазуучусу Олжас Сулейменов, Евразия жазуучулар бирикмесинин төрагасы Якуп Омар оглу, немец публицисти Ирмтрауд Гукче, казак жазуучусу Мухтар Шаханов жана философия илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбеков чыгып сөз сүйлөштү.

Форумга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келишкен жана кыргызстандык белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, культурологдор, филологдор катышууда.

6-7-октябрда форум өз ишин Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында улантат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×