Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 08.10.2018 17:36 Жаңыланды: 08.10.2018 18:09 На русском

Өлүм менен коштолгон мушташ: Маркум Аманбектин жакындары тергөөгө нааразы (видео)

Turmush -  Ысык-Көл райондук сотунда Бактуу-Долоноту айылынын 17 жаштагы тургуну Аман Бакачиевдин өлүмү боюнча ишти кароо башталды. Анын апасы Элмира Керимбаева Turmush басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде билдиргендей, Аман анын жалгыз баласы болчу.

«29-апрелден 30-апрелге караган түнү топ балдар тарабынан сабалып, андан кийин каза болуп калды. Окуя Чолпон-Ата шаарында болгон. Аны өлтүрүүгө шектүү делип кармалган адам камакта. Бирок калгандарын кармашкан эмес. Ал жакта 8 адам болгондугу тууралуу маалымат бар. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө биз ишти башка тергөөчүгө берүүнү талап кылганбыз. Материалдарды Ысык-Көл ОИИБ 3 айдан бери карап жатышкан. Бирок, биз иш аягына чыгарылган жок деп эсептейбиз. Матераилдар сотко ээнбаштык беренеси менен берилүүдө. Кийинки соттук отурум 12-октябрда өтмөй болду, анда күбөлөр суракка алынмакчы», - деди апасы.

Г.Муканбетова белгилегендей, алар тергөө калыс жүргүзүлбөй, шектүүлөр жоопко тартылбай жатканына нааразы. Мындан улам алар президентке кайрылуу жолдошкондон кийин бул иш карала баштаган. Ошондой эле алар Аманбектин өлүмүнө күнөөлүү делген адамдар өмүр бою эркинен ажыратылышы керек деп эсептешет.

Маркумдун досу Эмирдин айтымында, Аманбек ошол күнү кечинде телефон чалып, Долинка айылынын тургундары аны коркутуп жатышканын жана кайсыл бир кыз үчүн өлтүрүшөрүн айткандыгын билдирген.

«20дай адамды чогултуп алып, биз жолугушууга бардык. Жаңжалдан улам мушташ башталды. Анда 20 адамдын ичинен 3 адам мушташа баштады. Мушташ учурунда алардын бирөө качып кетти. Кийин белгилүү болгондой, ал жардам чакырганы кетиптир. Эл жок жерге бардык, ал жерде Аман жекеме-жеке мушташып жаткан. Андан кийин «Нива» үлгүсүндөгү унаа келип, андан дубинка көтөргөн кишилер чыгып, бизди кубалап башташты. Биз баарыбыз тарап кеттик, бирок кийинчерээк кайра чогулдук, бирок ал жерде Аман жок болчу», - деди Эмир.

Буга чейин Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында мушташтын кесепетинен 17 жаштагы Аманбек каза болгондугу маалымдалган. Кийинчерээк, Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Бактуу-Долоноту айылынын 17 жаштагы тургуну мушташтан улам каза болгонун тастыктаган.

Анын айтымында, каза болгон жигит менен Кара-Ой айылынын 17 жаштагы тургуну кыз талашып жекеме-жеке мушташкан. Мушташта Бактуу-Долоноту айылынын тургуну талылуу жерге сокку жеп, ооруканага жеткирилген. Ооруканага алып барышканда ал каза болгон.

«Учурда мушташка катышкан экинчи жигит Ысык-Көл РИИБге алынып келинди. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, иш тергелип жатат», - деген басма сөз катчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×