Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.10.2018 17:56 На русском

«Туугандык байланышыбыз бекемделсин»: Моңголиянын экс-президенти Кыргыз-Көлүнүн суусун Ысык-Көлгө куйду

Turmush -  Моңголиянын мурунку президенти Намбарын Энхбаяр баштаган моңголиялык делегация «Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары» III эл аралык Ысык-Көл форумуна катышты. Делегациянын курамында окумуштуулар, профессорлор жана жазуучулар бар, деп билдирди аймактык кабарчы.

Намбарын Энхбаяр Кыргызстанга биринчи жолу 2007-жылы келген. Ал 11 жылдан кийин кайрадан Ысык-Көлгө келди.

«Москвадагы адабий институттун бүтүрүүчүсү катары мага бул тема абдан кызыктуу жана жакын. Ч.Айтматов адамзаттын, бүткүл дүйнөнүн курч маселелерин көтөргөн. Бирок тилекке каршы акыркы учурларда саясат менен алектенип, темадан алыстап кеткен. Мени бул форумга чакырышканда окугандарымды калыбына келтирүүгө себеп пайда болду. Жазуучунун өзү туралуу айтсам, анын чыгармалары Моңголияда абдан популярдуу. Ал кичинекей повесттерди жазып жүргөндө моңголиялык жазуучуларга жетиштүү таасирин тийгизди. Алар жазуучудан көркөм, динамикалуу повесттерди жазууну үйрөнүштү.

Чоң көйгөйлөргө, Хиристостун, кудайдын образына кайрылып, коркунучтуу сот бул — жашоо экенин жазган Айтматов... Анын бул учурдагы чыгармачылыгы мага жакыныраак. Ал курч маселелерди көтөрүүгө аракет кылганда христианчылык, ислам, кээ бир жерлерде буддизмдин ар кандай маданиятын түшүнүүгө аракет жасаган.

Биз сактап кала тургандардын көбүн жоготтук. Бул форумда дүйнө элдеринин ар кандай өкүлдөрүнүн жолугушуусу абдан кызыктуу. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын баары моңгол тилине которулган», - деди ал.

Экс-президенттин айтымында, Моңголияда жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата «Айтматовдук окуу» иш-чаралары өткөрүлөт.

«Биз моңголдор кыргыздар менен тарыхыбыз бир деп ойлойбуз. Көптөгөн кылымдар мурун биздин ата-бабаларыбыз чогуу жашаган. Моңголияда Кыргыз-Көлү бар, биз ал жерден Ысык-Көлгө куюу үчүн суу ала келдик. Ысык-Көлдөн да Моңголияга суу ала кетүүнү чечтик. Аны Кыргыз-Көлгө кошобуз. Биз бул ишти туугандык байланышыбыз үзүлбөөсү жана бекемделиши үчүн жасап жатабыз. Суу адамдарды байланыштырган өзгөчө касиетке ээ, суу — жашоонун башталышы. Ошондуктан бул биз үчүн абдан маанилүү», - деди ал.

Моңголиялык делегация өзүнүн идеясын Чолпон-Ата шаарында көлдүн жээгинде ишке ашырды.

Буга чейин Turmush басылмасы бөтөн элде, бөлөк жерде жашап, тили бурулуп кеткени менен өздөрүн «кыргызбыз» деп атаган моңголиялык кыргыздарга, бабалардын изи калган Моңголиядагы тарыхый аймактарга байланыштуу маалыматтар менен окурмандарды тааныштырган. Кыргыз Республикасы тарабынан 2016-жылы күзүндө уюштурулган экспедициянын мүчөлөрүнүн маалыматына таянуу менен Кыргыз-Көлү тууралуу сөз кылган.


Тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаев Бишкек шаарында Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын (2012-жылдын ноябрь айы) алкагында даярдалган «Кыргыз тектүү хотондор жана алардын келип чыгышы. Моңголиядагы “кыргыз” энчилүү аттары» деген эмгегинде Кыргыз-Көлү тууралуу айткан.

Анда: «Эң кызыктуусу, Батыш Моңголияда Хяргас-Нор (Кыргыз Көлү) аттуу көлдүн аты да тегин жерден пайда болбосо керек. Хяргас-Нор Моңголиядагы Чоң Көлдөр суу системасына кирген көл жана геологиялык-географиялык термин менен аталган Кыргыз ойдуңунан орун алган. Кобдо, Забхан дарыяларынан суу алат. Деңиз деңгээлинен 1028 м бийикте, тереңдиги 80 м чейин жетет. Ноябрь айынан апрелге чейин тоңот. Айланасы, чөл, таш-кум, айрым жерлери мал жайганга ыңгайлуу. Суусу минералдуу, балыкка бай», - деп айтылат.
Ал эми Кыргыз-Көлдү 2016-жылдагы экспедициянын курамында өз көзү менен көрүп келген Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев көлдү: «Суусу тунук, жылуу, туздуу, кадимки эле Ысык-Көлдүн «инисиндей» же «сиңдисиндей», бизди өзүнө тартат. Жээги да, ичи да майда эмес, кесек кум экен, ошон үчүн сууну канча кечсең да ылайланбай, мелтиреп таптаза бойдон тура берет экен», - деп сүрөттөйт.

Анын айтымында, моңголдор Хыргыс-Нуур деп атаган көлдүн аталышы кыргыз тилине Кыргыз-Көлү деп которулат. Түрк тилдерине кирген моңгол тилинде «х» тамгасына жана созулма үндүүлөргө басым жасалгандыктан, «Кыргыз» деген сөз «Хыргыс» деп айтылып калса, «Нуур» деген сөз бизче «Көл» дегенди түшүндүрөт. Бул сөздөр ар кандай транскрипцияда «Хяргас-Нур», «Хяргас-Нуур», «Хиргиз-Нур» деп айтылат.

«Кыргыз-Көлгө бара жаткан жолдо биздикиндей кыштактар жок. Бөксө тоо, жери жайык, ээн талаа, жолу болсо мелтиреп, түптүз. Жолдо мал да, кыштак да жок. Жолду катар эстеликтерди, жазууларды көрдүк.

Биз көлгө түшкү саат 12:00 чамасында жеттик. Кыргыз-Көлү кадимки эле мелмилдеп жаткан Ысык-Көлдөй, туптунук, асман ачык. Суу асманга чагылышып, ого бетер кооз, көркөм көрүнөт, тыптынч. Бирок Ысык-Көлдөн кичирээк, узундугу 70-80 км, туурасы 15-18 км деп айтышты. Ысык-Көлдү жээктеп өтсөк, Кыргыз-Көлү чоң жолдон узап кетет экен.

Ал эми куму Ысык-Көлдөн кесегирээк. Көлдүн жээгине кирпичтен курулган кадимки турак үйлөрдөн атайын туристтик база түзүп коюшкан, бирок эч кандай шарттар жок. Туристтер да көп эмес, биз сыяктуу барып калгандар барып, ошол аймакка жакын жашагандар күн жылып калганда көлгө түшүп, эс алышат экен.

Аба ырайы саат 16:00 чамасында бузулуп, капкара, бороон-чапкын болуп, түн түшүп калды. Шамалы да башкача, мен андай шамалды көргөн эмесмин. Бирок делегациянын мүчөлөрү андай кара шамалды Баткенде көргөнүн айтышты. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Кыргыз-Көлдүн аймагында айрым учурда бир күндө аба ырайы 3-4 жолу алмашып турат экен.

Суусу мемиреп турганда шарпылдап жээкке урунуп, кадимки эле Ысык-Көлдү көрүп, салыштырып, суктана бердим. Суусу ыланланбайт, туптунук экен. Ал аймакта аба ырайы кышында 40-50 градус суук болсо, жайкысын анчалык ысыбайт экен.

Кыргыз-Көлгө Кыргызстандан биринчилерден болуп президент учурунда барган Аскар Акаев Ысык-Көлдүн суусун алып барып куйганын айтышты. Ал жерди Улан-Батоордогуларга чейин «Акаевдин булуңу» деп айтышат экен.

Мен Кыргыз-Көлдүн суусун алып келип, Ысык-Көлгө куйдум», - деген С.Мусаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×