Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 13.10.2018 12:11 На русском

Ысык-Көлдүн тургунун сабап салган адам кармалып камакка алынды

Turmush -  Кыргызстандык криминалдык милиция кызматы тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБге 35 жаштагы Д.Ж. аттуу адам кайрылып, 26-сентябрда белгисиз адам сабап кеткендигин билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иш козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Бишкек шаарынын ысык-көлдүк 1988-жылы туулган А.А. кармалды. Ал мурда соттолгондугу жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турган адам экендиги такталды. Кармалган адам Чолпон-Ата шаарындагы абакка киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×