Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 16.10.2018 18:24

Чолпон-Атада 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында дайынсыз жоголуп, кийин жансыз денеси табылган 9 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, тергөө иштери ОИИБдин жетекчисинин көзөмөлүндө.

«Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 1-октябрында 9 жаштагы бала белгисиз кылмышкердин колунан каза болду. ОИИБ баланын жакындарына түшүнүү менен мамиле кылат. Бирок маркумдун жакындары ЖМКлардын бирине милиция кызматкерлери аракет кылбай жатат деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.

Буга чейин маалымдалгандай, аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү комплекстүү экспертизалар дайындалган. Аталган кылмыштын бетин ачуу боюнча тергөө-оперативдүү тобу түзүлгөн. Учурда бул иш ОИИБдин жетекчисинин жеке көзөмөлүндө турат. Бул кылмыш иши боюнча бир нече версиялар каралып жатат.

Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал версияларды ачыктай албайбыз. Ысык-Көл ОИИБдин бардык күчтөрү бул кылмыштын бетин ачууга аракет кылып жатышат. Каза болгон баланын апасы күн сайын биз аткарган иштерге күбө болууда. Кылмыштын бети ачылгандан кийин дароо билдиребиз», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Чолпон-Атада дайынсыз жоголгон 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×