Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 15.11.2018 15:15

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин жаңы төрагасы шайланды (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Төрагалыкка 2 талапкер сунушталган. Көпчүлүк коалиция Кубанычбек Токмуратовду, ал эми КСДП партиясы Карыпбек Койгелдиевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Добуш берүүгө 18 депутат катышып, Кубанычбек Токмуратовго 13, Карыпбек Койгелдиевге 4 депутат добуш берди. Ал эми бирөө барына каршы болгон. Соңунда К.Токтомуратов шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ал «Республика Ата Журт» партиясынан депутаттыкка шайланган, жеке ишкерлик менен алектенет.

Шаардык кенеште «Табылга» партиясы «Республика Ата Журт» партиясы менен бир каолиция болуп бириккен.

Буга чейин Сарбагышев Талант Кыдыргазиевич Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×