Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 24.12.2018 13:53 На русском

Чолпон-Атада С.Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган спорттук мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара жана спорттук мелдеш өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чара И.Абдразаков атындагы мектеп-лицейинде уюштурулуп, анын жүрүшүндө тарыхта калган инсандын басып өткөн жолу, эл үчүн кылган эмгеги эскерилди.

Мэрия тарабынан спорттук мелдештер уюштурулуп, соңунда жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Кыштакта колхозчу, тракторчу болуп иштеген. 1978-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, ошол эле жылдын декабрь айынан баштап 1980-жылдын декабрына чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрөгалыгына чейин көтөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×