Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.01.2019 16:44

30 тыйындык лотереядан «Волга» уткан Ж.Жунушов ушул унаасы менен 30 жылдан бери таксист болуп иштейт

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын 65 жаштагы тургуну Жакшылык Жунушов 1988-жылы 30 тыйынга сатып алган лотереядан ГАЗ-24-10 «Волга» унаасын утуп алган. 30 жылдан бери ушул унаасын алмаштырбай таксист болуп иштеп, үй-бүлөсүн багып келет.

«1988-жылы союз мезгилинде атайын мамлекеттик лотереялык утуштар ойнотулчу. Мен ошол жылы бир билетти 30 тыйынга сатып алгам. Ушул жылы эле чыккан Газ-24-10 "Волга" унаасын утуп алганымды билдим. Албетте, ал учурда мындай унаа өтө баалуу эле. Колума тийгенде ишенген жокмун. Унааны ошол кездеги М.Горький атындагы унаа заводунан алып келип тапшырышты. Ошондо элдин баары мага суктанышып, Кыргызстанга гана эмес жалпы союзга дүңгүрөгөм. Бул менин өмүрүмдөгү эң алгачкы унаам эле. Ошол жылдардан бери алмаштырбай айдап, такси кызматында иштейм», - деди ал.

Жакшылык Жунушов билетинин номурун дагы азыркы учурга чейин жатка билет.

«Билетимдин номуру да эсимден чыкпайт. 17361 болчу. Жаңы унаанын ошол кездеги баасы да 17 000 миң рубль экен. Учурда кээ бир гана майда тетиктери алмашпаса, негизги тетиктери өзүнүкү. Бул унаанын жардамы менен эмгектенип, 4 кыз, бир уулду өстүрдүм. Унаамды алмаштырайын деген оюм да жок. Мага келген дөөлөт деп барктап турам», - деп билдирди Жакшылык Жунушов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×