Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 14.02.2019 19:30

Үч күндөн бери өлүкканада жаткан Качкын Абдраевдин сөөгүн балдары алып кетишти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3 күндөн бери өлүкканада жаткан Качкын Абдраевдин туугандары табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Кундуз Орузбаева билдирди.

Анын айтымында, маркум Качкын Абдраевдин 2 баласы келип, анын сөөгүн алып кетишти.

«Карыянын туугандары изделип жатканы боюнча маалыматты интернеттен көргөн кошунасы анын балдарына айткан экен. Балдарынын айтымында, К.Абдраев 1974-жылы эле үйүнөн кетип калыптыр. Алар атасын издегенге чыгынып жатышканын айтышты. Учурда алар Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында жашагандыктан карыяны ошол жакка алып кетишти. Маркумдун 3 уулу бар экен», - деди Кундуз Орузбаева.

Буга чейин Чолпон-Атадагы өлүкканада жаткан К.Абдраевдин туугандары изделип жатканы маалымдалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×