Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 06.04.2019 15:41

Чолпон-Атада Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын борбордук аянтында 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Талант Сарбагышев, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери, ардагерлер кеңешинин төрагасы, Апрель революциясында курман болгондордун жакындары жана тургундар катышты.

Алгач элдик революцияда курман болгондорго багышталып куран окулган соң, эстеликке гүлчамбарлар коюлду.

Иш-чарада ардагерлер революциянын максаты жана анын тарыхтагы ордуна токтолушса, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери патриоттук ырларды аткарышып, Апрель революциясынын баатырлары ыр окушту.

Ысык-Көл районунан революцияга 39 адам катышкан, анын ичинен 11 адам жараат алса, 5 адам каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×