Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 19.04.2019 11:48

Чолпон-Атада тарыхый эстеликтерди коргоо максатында саякат акциясы уюштурулду

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облустук тарыхый маданий корук-музейинде 18-апрелде тарыхый эстеликтерди коргоо максатында саякат акциясы уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, «Тарыхый эстеликтер — бабалар мурасы» аттуу иш-чара Бүткүл дүйнөлүк эстеликтерди коргоо күнүнө карата «Ысык-Көл биосфералык аймагы» дирекциясы тарабынан уюштурулду. Акциянын алкагында Тору-Айгыр, Өрнөк, Кара-Ой айылдарындагы жана Чолпон-Ата шаарындагы петроглифтерге, тарыхый-маданий жайларга саякат жасалды.

«Иш-чаранын негизги максаты жаратылышты коргоо, аны туура пайдалануу, элдин экологиялык дүйнө таанымын өстүрүү маданиятын калыптандыруу болуп саналат», - дешти уюштуруучулар.

Экскурсия учурунда окуучулар саймалуу таштардагы таштандыларды дагы тазалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×