Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 07.05.2019 11:03

Чолпон-Атада ат оюндары боюнча республикалык мелдеш өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 7-майда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган ат оюндары боюнча республикалык мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш эр эңиш, ат чабыш, салбурун жана көк бөрү оюндары боюнча өтүүдө.

Көк бөрү оюну боюнча мелдешке республиканын аймагынан жалпы 16 команда катышууда, ал эми жогорку лигада 6 команда күч сынашат. Мелдештин финалдык туру 9-май күнү өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×