Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 07.05.2019 16:51 На русском

Видео — Чолпон-Атадагы көк бөрү массалык мушташ менен коштолду. Арасында Манас Ниязов да бар

Turmush -  Бүгүн, 7-майда Чолпон-Ата шаарында Жеңиш күнүнө карата уюштурулган көк бөрү боюнча турнирде массалык мушташ чыкты. Окуя «Достук» жана «Сары-Өзөн» командалары көк бөрүгө түшкөн учурда болгон.

Экинчи таймдын аягында, «Достук» алдыга чыккан (эсеп 5:2) учурда Манас Ниязов менен Нурбек Юсупов уруша кетип, андан соң аттан түшүп, мушташып башташкан. Бул учурда башка оюнчулар келип, бири-бирин камчы менен чабышкан.

Бир аздан кийин мушташты токтотушуп, калыстар экинчи тайм аяктаганын жарыялашты.

Barakelde.org — кыргыз тилиндеги маалыматтардын булагы. Мобилдүү тиркемени көчүрүп алыңыз

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×