Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 01.06.2019 12:15

Сүрөт — Чолпон-Ата шаарында балдар мэрден белек алышты

Turmush -  Бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Чолпон-Ата шаардык мэриясы майрамдык иш-чара уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара концерттик программа, түрдүү мелдештер менен коштолгон. Анда шаар мэри Талант Сарбагышев аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жага ата-энесинен эрте ажыраган балдарга белектерди тапшырды.

Иш-чаранын соңунда балдарга балмуздак таратылды.

Ошондой эле Ысык-Көл РИИБдин ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери дагы балдарды куттукташып, жолдо жүрүүнүн эрежелерин эскертүү менен бирге балмуздак таратышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×