Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 10.06.2019 15:20

Чолпон-Атага борбордон келген дарыгерлер тургундардын саламаттыгын текшерди

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдан келген тажрыйбалуу дарыгерлер үч күн жергиликтүү тургундарды кабыл алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, дарыгерлердин Чолпон-Ата шаарына келишин өтүнүп, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчилиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жолдошкон. Анын натыйжасында ондон ашуун дарыгерлер келип, тургундарды кабыл алышты. Үч күндүн ичинде кардиолог, маммолог, гинеколог, урологдорго кайрылгандардын саны арбын болгон.

Ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчилиги мындан ары дагы жергиликтүү тургундардын ден соолугуна кам көрүү үчүн аракеттер көрүлөрүн билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×