Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 18.07.2019 12:18

Ысык-Көлдө тоноп кетти деген казакстандык турист тосмо арыз жазды

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Turmush -  Ысык-Көл облусунда казакстандык туристти тоноп кеткен жигитти кармоо боюнча оперативдүү издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына жеке булактар билдиришти.

Болжолдуу маалыматка караганда, 16-июлда түнкүсүн Чолпон-Ата шаарындагы «Ривьера» эс алуу үйүнүн жанында тоноо болгон. Жабырлануучу Алмата шаарынын 49 жаштагы тургуну (аял) экени аныкталды.

Анын айтымында, саат 23:00 чамасында 18-20 жаштардагы бейтааныш жигит аны түртүп кеткен. Ал кулап калгандан кийин сумкасын алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Сумкасында уюлдук телефон, банк картасы, паспорту, 5000 тенге жана 1500 сом болгон.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган факт болгонун тастыктап, учурда КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдиришти.

Кылмышка шектүү жигитти кармоого үчүн милиция кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.

Кийинчерээк Ысык-Көл РИИБден билдиришкендей, Алмата шаарынын жашоочусу тосмо арыз жазды.

Маалым болгондой, аял мас абалда болгон жана ал көлдүн жээгинен келе жатып, сумкасын жоготуп алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×