Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 07.06.2014 11:01

Ысык-Көл облусу туризм тармагынан эле 1 млрд доллар алышы керек, - премьер Ж.Оторбаев

Turmush -  Ысык-Көл облусу туризм тармагынан эле 1 млдр доллар алышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 7-июнда Чолпон-Атаа шаарында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборундагы туристтик сезондун ачылышынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы туризмдин дүйнөлүк базары 1 млдр адамды түзүп, туризм тармагынан түшкөн киреше 1 трлн долларга жеткен.

«2013-жылы Кыргызстанга 3 млн адам келип, анын ичинен 2 млн адам Ысык-Көл облусунда болду. Эгерде, ар бир эс алуучу 500 доллардан таштаса, анда облус аз дегенде 1 млдр доллар киреше алат. Бул сандар бизге абдан керек», - деди Ж.Оторбаев.

Анын айтымында, эгерде Ысык-Көл облусу бул кирешенин 10%ын алса, бул 10 млн долларды же 500 млн сомду түзөт. «Бул каражаттын арты менен Ысык-Көл облусу дотация категориясынан чыкмак. Бирок, бул үчүн туруктуулукка жетүү керек. Эгерде, бизде туруктуулук болбосо, биз туризмди өнүктүрө албайбыз», - деп белгиледи премьер-министр.

Аксакалдар менен бизнесмендерге жол тосууга барбай, туризмдин өнүгүшүнө жол берүү керек экендигин айта тургандыгын кошумчалады.

«Туристтердин коопсуздугун коргоо боюнча укук коргоо органдарына протоколдук тапшырма бердим. Эгерде, биз меймандарды чоочутуп алсак, анда бизге эч ким келбейт. Ошондой эле, биз экология жөнүндө унутпашыбыз керек. Биз, биздин берметибиз болгон Ысык-Көлдү сакташыбыз керек жана туризм тармагынан түшкөн кирешени экологияны коргоого, ошондой эле пансионаттардагы курулмаларды тазалоо иштерине жумшоону каалап жатабыз», - деген Ж.Оторбаев биз Ысык-Көлдүн экологиясына өзгөчө көңүл бурабыз, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×