Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 07.06.2014 12:15

Ж.Оторбаев: Азия өнүктүрүү банкы ушул жылы Кыргызстанга 450 млн доллар инвестиция салууну пландоодо

Turmush -  Азия өнүктүрүү банкы ушул жылы Кыргызстанга 450 млн доллар инвестиция салганы жатат, деп билдирди бүгүн, 7-июнда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болгон жумушчу сапарында. Анын айтымында, мурдараак 80 млн долларга инвестиция кылуу пландалган.

«Эмне үчүн биз буга жеткирдик? Анткени биз өз ишибизди сапаттуу аткарып жатабыз. Биздин иштердин сапатынан эл аралык уюмдардын алдындагы биздин өлкөнүн рейтинги көз каранды. Эгерде, иш багытыбызды ушул ачкычта уланта берсек, анда инвестициялык жагымдуу өлкөгө айланабыз да, каржылык жардамдарды алууну жогорулатабыз», - деди ал.

Ж.Оторбаевдин айтымында, алынган каражаттар жолдорго, коммуникацияларга жана башкаларга жумшалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×