Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 19.08.2014 18:45

Фоторепортаж - «Ысык-Көл» экономикалык форуму - 2014-жылдын июль айында өтмөй болду

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 19-августта «Ысык-Көл — 2014» экономикалык форумунун расмий жыйынтыгы чыгарылды.

Экономика министринин орун басары С.Муканбетовдун айтымында, форум достук, кызматташтык жана конструктивдүү маанайда өттү.

Маалыматка ылайык, катышуучулар эки тараптуу кызматташтык боюнча талкуулап, катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү, инвестициялык долбоорлор жана ишканалар жөнүндө презентациялар болду.

Форумдун алкагында Экономика министрлиги, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жана Нарын Эркин экономикалык аймагы өлкөнүн жана аймактардын соода-экономикалык абалын, инвестициялык климатын белгилеп, КРнын приоритеттүү долбоорлорун сунушташты.

Эске салсак, КРнын Экономика министрлигинин, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, КРнын Соода, өнөр-жай палатасынын президенти жана «Huahe International» бизнес-консалтинг компаниясынын президентинин демилгеси менен Ысык-Көл облусундагы ыңгайлуу шарттар эске алынып, 18-августта «Ысык-Көл Аврора» санаторийинде «Ысык-Көл — 2014» эл аралык экономикалык форум салтанаттуу түрдө ачылды.

Белгилүү болгондой, форумга КРнын, Кыйтай Эл Республикасынын, Орусия Федерациясы, Казакстан жана Бангладеш Республикасынын өкмөттүк уюмдары, бизнес чөйрөлөр жана дипломатиялык өкүлдөрү катышты.

фор 1

фор 2

фор 3

фор 4

фор 5

фор 6

По итогам экономического форума «Иссык-Куль — 2014» подписано Совместное коммюнике об Экономическом форуме «Иссык-Куль 2014».

Фор 7

Фор 8

Фор 9

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×