Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 20.08.2014 09:03

Экономикалык форум жыл сайын өткөрүлөт, - өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү

Turmush -  Экономикалык форум жыл сайын өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн «Ысык-Көл — 2014» экономикалык форумунун жыйынтыкталышында маалым болду.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган форум практикалык жыйынтыктарга ээ болушу үчүн жана адистештирилген багыт боюнча өнүгүүсү үчүн бирдиктүү күчтөр кошумчаланат.

Форумдун катышуучулары эл аралык, аймактык жана улуттук демилгелерди экономиканын ар түрдүү тармактарында, инфраструктуранын өнүгүшү, трансчегаралык сооданы бекемдөө, энергоэффективдүүлүктү камсыз кылуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн бизнес-сектордун маанилүү ролун белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×