Turmush — Талас районунун Талды-Булак айылынын 37 жаштагы тургуну Замир Адиев 15 жылдан бери күлүк аттарды таптап, саяпкерлик менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 2008-жылдан баштап саяпкерчиликти аркалай баштаган.
«Атка болгон кызыгуубуз негизи каныбызда бар. Чон энемдин акелери да чоң саяпкерлерден болушкан экен. Өзүмдүн атам Үсөнбек Адиев дагы Кыргызстандын ичинде мыкты саяпкер болгон. Биз ал убакта кичинекей болуп, атабыздан эрте айрылып калып калганбыз. Бирок атамдан көп нерсени үйрөнгөн Мураталиев Сыргак деген чабандес болгон. Мага ошол адам атамдан калган саяпкерликти үйрөткөн. Андан кийин Бишкек шаарына барып ат менен алектенип, ушул жерден да чоң саяпкерлердин колунда өсүп, ошолордун жанында жүрүп такшалып, 2008-жылдан баштап саяпкерчиликти аркаладым.
Эң алгач өз алдымча багымды сынап көрүп, Казакстандан саяпкерликти баштагам. Ал жактан дагы кудайга шүгүр жакшы ийгиликтерди жараттык. Андан кийин Таласка келип иштеп иштеп баштадым. Башында айтып өткөндөй чоң саяпкер агаларыбыздын кеп кеңештерин алып, чогуу жүрүп, аттын сырларын үйрөнгөн ишимдин жыйынтыгы жакшы башталып, Таластан дагы алдыңкы байгелерге ээ болуп, ийгиликтерди багындырып келе жатам.
Ошентип атамдын жолун жолдоп саяпкерлик менен келе жатканыма 14 жылдын жүзү болду. Ар бир жумуштун оорчулугу болот. Ар бир ат менен иштешесиң дегендей. Аттар деле жаш баладай, көңүлүнө карап иштетесиң. Айтор наристени чоңойткондой эле жумуш (күлүп). Аттын көз карашынан карап көп нерсесин байкайбыз. Кээ бир аттар кыялы менен болот, адам жактырбайт. Кээ бир аттар болсо оор басырыктуу болушат. Адамды тиштегилеп, жактырбаган аттардан дагы көп ийгиликтер жаралат. Ал эми кээ бири момун болушат. Алар чабышта мүнөздөрүн көрсөтүшөт», - деди ал.
Саяпкер жубайы менен 3 кыз, 2 уулду тарбиялап жатат.