Turmush — «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары Жамалидин Оморов менен Сейилбүбү Алыбаева. Алардын баш кошуп, бирге түтүн булатып келе жатканына 50 жылдан ашты. Turmush басылмасынын кабарчысы Сейилбүбү Алыбаева менен маектешти.
Ал 1952-жылы Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылында жарык дүйнөгө келген. Ал эми жолдошу Жамалидин Оморов 1948-жылы Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
«Өзүм Улуттук университеттин экономика факультетинин күндүзгү бөлүмүндө окуп, 1974-жылы аяктагам. Жолдошум деле аталган университеттин экономика факультетинде окуп, аны 1979-жылы бүтүргөн.
Союз кезинде алгач Кемин электротехникалык заводдо иштедим. Кийинчирээк колхоздо экономист, башкы экономист болуп жүрүп, чарбалар тараганда кооперативде бухгалтер болуп эмгектендим. Жолдошум колхоздо учетчик, бригадир, гараждын жетекчиси, экспедитор, директордун орун басары, чарба кызматкери болуп иштеди. Азыр экөөбүз тең ардактуу эс алуудабыз. Учурда айылдык ден соолук комитетинде, аксакалдар сотунда жана башка ушул сыяктуу коомдук иштерде иштейм», - деди ал.
Жубайлар досу аркылуу таанышып калышкан.
«Экөөбүздү мени менен чогуу окуган Жолдош деген бала тааныштырган. Ал жолдошумдун классташы экен. Анан окуумду аяктайын деп калганда, 1973-жылы ноябрда баш коштук. Окуубуз менен жүрүп, нике тууралуу күбөлүктү 1974-жылы мартта алганбыз. Биз үйлөнгөндө айылда «келин алдык» деп түлөө-той беришкен. Азыркыдай шаан-шөкөт жок болчу. Ошентип экөөбүз бирге жашап келе жатканыбызга 50 жылдан ашты. 3 уул, 2 кыздуу, 12 неберелүү болдук.
Биз сүйлөшүп жүргөн жылдары айылдарда автобус каттачу. Алардын белгилүү сааты бар эле. Ошол сааттан кечигип калсаң, калып калчусуң. Биздин айыл тоо тарапта болгон үчүн кеч калбаганга аракет кылып кетчүмүн. Эгер кеч калып калсаң, андан башка унаа жок, райондун борборундагы тааныштардын үйүнө жатууга туура келет. Бирок жолдошум кеч болсо да мага жолукканы келчү. Кантип келди деп таң калчумун. Көрсө, Жаңы-Алыш айылы Фрунзе—Торугарт унаа жолунда жайгашкан экен. Ал жолдон бирин-экин болсо да унаа жүрүп турчу. Ошол унаалардын бири менен келе берчү экен», - деди ал.
Сейилбүбү апа жаштарга кеп-кеңешин айтып өттү.
«Жаштарга айтарым, азыр жашоо-шарт жакшы эле болуп бара жатат. Жашоо кыйын учурда деле жубайлар бирин-бири түшүнүп жашашкан. Баш кошкондон кийин бири-бирин түшүнүп, сыйлап, сабырдуу болуп жашаш керек. Ынтымак менен акылдашып оокат кылса эле, баары жакшы болот. Эч убакта жалкоо болбогула дейм. Анан да аял киши жолдошун канчалык сыйласа, өзү да ошончолук сый көрөт», - деди ал.
Каарманыбыз бош убактысында кайын энесинен үйрөнгөн кол өнөрчүлүк менен алек. Анын айтымында, майда кийиздерден шырдакча жасайт. Ошондой эле бакчасына жер-жемиш өстүрүшөт.